Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2024-жылдын 31-майындагы № 5/28
2024-жылга жайыттарды пайдалануунун бюджетин бекитүү жөнундө
Күнтуу айыл аймагынын жайыттарын пайдалуунун планын бекитүү жөнүндө «Күнтуу” муниципалдык ишканасынын мүдүрү Ж.Т. Джакупбековтун кайрылуусун сессиянын отурумунда карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Күнтуу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга сунушталган бюджети 1-тиркемеге ылайык бекитилсин( тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышы “Күнтуу” муниципалдык ишканасынын мүдүрү Ж.Т. Джакупбековго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевке тапшырылсын.
Айылдык кенешинин төрагасы |
| М.А. Тобоев |
| Тиркеме №1 |
Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жайыттарын пайдалануу боюнча каражаттарды чогултуу боюнча планы
№ | Аталышы | Саны | 1 баш үчүн тариф (сом) | Сумма (сом) |
1 | Бодо мал | 950 | 150 | 142500 |
2 | Кой | 4430 | 35 | 155050 |
3 | Жылкы | 650 | 150 | 97500 |
| Бардыгы | 395050 | ||
2024- чыгымдардын сметасы жылга
№ | Чыгымдар | Сумма |
1 | 30% жергиликтүү бюджет | 118515 |
2 | Жер салыгы (8660,5 га) | 67551,9 |
3 | Эмгек акы | 79010 |
4 | С/фонд (17,25%) | 13629 |
5 | Күйүүчү жана майлоочу материалдар | 30000 |
6 | Байланыш кызматтары | 6000 |
7 | Канцелярдык товарлар | 8000 |
8 | Башкалар | 10000 |
9 | Жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо жана башка жумуштар. | 62344,1 |
| Бардыгы: | 395050 |
“Кунтуу” МИнын мүдүрү |
| Ж. Джакупбеков |