Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2024-жылдын 31-майындагы № 5/25
Күнтуу айыл аймагынын Шалта айылына акын Какен Алмазбековтун айкелин тургузуу жөнүндө
Күнтуу айыл аймагынын Шалта айылындагы Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын тизмеси жазылган монументтин жанынан айкел тургузууга жер тилке бөлүп берүүгө жана акын Какен Алмазбековтун 90-жылдыгына байланыштуу айкелин тургузуу жөнүндө курулуш, архтектура,жашылдандыруу, көрктөндүрүү жер комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Какен Алмазбековун атын түбөлүкө эске калтыруу максатында акындын өзү туулуп өскөн Шалта айылында айкелин тургуузууга макулдук берилсин;
2. Шалта айылындагы Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын тизмеси жазылган монументтин жанынан айкел тургузууга аянты 50 чарчы метр жер тилке бөлүп берүүгө уруксат берилсин;
3. Мындан аркы иш – чараларды мыйзам чегинде Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев алып барсын.
Айылдык кенешинин төрагасы |
| М.А. Тобоев |