Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-июлу № 1
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2022-жылдын 6-айында пландан ашыкча түшкөн каражат жана статъялар боюнча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Азимов, каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Маматов жергиликтүү бюджеттин пландан ашыкча түшкөн каражат жана статъялар боюнча акча каражаттын жылдыруу тууралуу маалымат-билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттине пландан ашыкча түшкөн 10 560 000 (он миллион беш жүз алтымыш миң) сом акча каражаттын 70629 - 2511 -субсидия статъясына 6 500 000 ( алты миллион беш жүз миң ) сом, 3111-статъясына 3 400 000 (үч миллион төрт жүз миң) сом, 70911- 2222-статьясына 560 000 (беш жүз алтымыш миң) сом,70921-2222-статъясына 100 000 (бир жүз миң) сом, жана 70111- 3112-статъясынан 1 000 000 (бир миллион ) сомду, 3111- статъясына 1 000 000 (бир миллион ) сом,70629-2224 статъясынан 700 000 (жети жүз миң) сомду 70921-2222- статъясына 550 000 (беш жүз элүү миң) сом ал эми 70911-2218- статъясына 150 000 (бир жүз элүү миң) сом,70823-2221- статъясынан 113 600 (бир жүз он үч миң алты жүз) сом, 70111-2221- статъясына 113 600 (бир жүз он үч миң алты жүз) сом жылдырууга уруксат берилсин;
2. Түшкөн каражатты планга кошуп берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Ала-Бука башкармалыгынан суралсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын;
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Х.Байназаровага жүктөлсүн.
Төрага | Б.М.Нышанов |