Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылдын 16-майы №21
“Көк-Арт айыл аймагында эл аралык аэропорт курууга ажыратылган жер аянттарынын коргоо зоонасына кошумча жер ажыратуу жөнүндө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы, Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жаңгак айылындагы № 114 контурундагы айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерден 1,9 га, №115 контурундагы жайыт жерден 0,55 га, №116 контурундагы айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерден 6,50 га , жалпы 8,95 га жер аянтын эл аралык аэропорт курууга ажыратылган жер аянттарынын коргоо зоонасына кошумча жер ажыратуу үчун, Өнөр жай,транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которуп берүү боюнча Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловдун жазган кайрылуусун айылдык кеңештин кезектеги IV-сессиясында карап чыгып, талкуулап, Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жангак айылындагы № 114 контурундагы айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерден 1,9 га, №115 контурундагы жайыт жерден 0,55 га, №116 контурундагы айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерден 6,50 га , жалпы 8,95 га жер аянтын эл аралык аэропорт курууга ажыратылган жер аянттарынын коргоо зоонасына кошумча жер ажыратуу үчүн Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин;
2. Эл аралык аэропортун куруу үчүн ажыратылып берилген жерге керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркулово милдеттендирилсин.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Джапаровго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.А. Энназаров |