Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-сентябры № 1
Жергиликтүү жааматтардын курултайын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” №284 Жарлыгына ылайык,биринчи Элдик курултайга делегаттарды шайлоо үчүн жергиликтүү жааматтарынын курултайын өткөрүү чечимин кабыл алуу максатында Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айылдык аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” №284 Жарлыгы аткарууга алынсын;
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында биринчи Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин чечими менен бекитилген нускамага ылайык,Көк-Таш айыл аймагында жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы,жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо үчүн айылдарда жыйындарды өткөрүү графиги,жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси жана жергиликтүү курултайды өткөрүү күнү тиркемеге ылайык бекитилсин;
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын;
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Б.М.Нышанов |