Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-сентябры № 1
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн эсебиндеги жер аянттарын тактоо жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Азимовтун билдирүүсүнүн негизинде,агрардык саясат,өзгөчө кырдаал,экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап,Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн эсебиндеги жер аянттары инвентаризация кылынсын;
2. Жер аянттарын нвентаризация жумуштарынын аткарылышы айыл өкмөт башчысы А.У.Азимовго милдеттендирилсин;
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын;
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин “Агрардык саясат,өзгөчө кырдаал,экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Байнаевтин жүктөлсүн.
Төрага | Б.М.Нышанов |