Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-сентябры № 2
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен Баткен облусуна каражат бөлүү жана статьялар боюнча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагынын айылдык кеңеши Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу кагылыш боюнча талкуулап , айыл өкмөт башчысы А.Азимов, каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Маматов жергиликтүү бюджеттин статъялары боюнча акча каражаттын жылдыруу тууралуу маалыматын угуп,Көк-Таш айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен Баткен облусуна 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
70629 бөлүмүнүн 3111 статъясынан 2200 000 (эки миллион эки жүз миң) сом акча каражаттан: 71092 бөлүмүнүн -2721 статъясына 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом, 70111 бөлүмүнүн - 3111 статъясынан 1 000 000 ( бир миллион ) сом, ал эми 70921 бөлүмүнүн -2221-статъясынан 460 000 (төрт жүз алтымыш миң) сом акча каражаттан 70921 бөлүмүнүн -2218 статъясына 260 000 (эки жүз алтымыш миң) сом, 70629 бөлүмүнүн -2221-статъясынан 200 000 (эки жүз миң) сом жылдырылсын.Жергиликтүү бюджетке ашыкча түшкөн 15 000 000 (он беш миллион) сом акча каражат иш планда бекитилген жумуштарга коротулсун 70629 бөлүмүнүн 3111-статъясына 13 000 000 (он үч миллион) сом, 2512-статъясына 2 000 000 (эки миллион) сом отургузууга уруксат берилсин;
2. Түшкөн каражатты планга кошуп берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Ала-Бука башкармалыгынан суралсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын;
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Х.Байназаровага жүктөлсүн.
Төрага | Б.М.Нышанов |