Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлу №49
“Кызыл-Токой айылындагы сел каналдарын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө”.
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы сел каналдарынын эскирип, быйылкы жааган жамгырлардан улам толуп калгандыгына байланыштуу, сел каналдарын бетондоо үчүн капиталдык ремонттон өткөрүү зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1 Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы сел каналдарынын эскирип, быйылкы жааган жамгырлардан улам толуп калгандыгына байланыштуу, сел каналдарын бетондоо жумуштарын аткаруу менен капиталдык ремонттон өткөрүүгө 2500,0 миң (эки миллион беш жүз миң) сом акча каражаты алты айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин пландан ашыкча аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |