Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлу №50
“Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек жана Биримдик айылдарына айыл башчы дайындоо жөнүндө.”.
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек жана Биримдик айылдарына айыл башчы дайындоо зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1 Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек жана Биримдик айылдарына айыл башчы дайындоо зарылдыгына байланыштуу аталган эки айылга айыл башчы алуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы М.Көлбаевага жана КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |