Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлу №51
““ КАSА-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында сатып алынган 2 даана автобус техникасын кабыл алуу жөнүндө”.
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана окуучуларга, жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү, максатында Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун “ КАSА-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында сатып алынган 2 даана автобус техникасын кабыл алуу жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана окуучуларга, жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү, каттамдарды өз убагында жүргүзүү үчүн “ КАSА-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында сатып алынган 2 даана автобус техникасын кабыл алуу Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Көлбаевага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, маданият, спорт, жаштар иштери жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |