Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлу №52
“Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине кошумча план суроо жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине ашыкча түшкөн каражаттан кошумча план алуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2024-жылдын 6 айында пландан ашыкча аткарылган “ 14151200 – Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы” төлөмүнөн 3000,0 миң сом жана “14511400-Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр” төлөмүнөн 10000,0 миң сом, жалпысынан бюджетке 13000,0 миң сом, мындан сырткары атайын каражаттар эсебине түшүүчү “Евентус” Жоопкерчилиги чектелген коомунан 8000,0 миң сом жана “БЭН Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомунан 5000,0 миң сом, жалпы 13000,0 миң сом акча каражатына кошумча план суралсын.
2.Терек-Сай айыл аймагынын пландан тышкары аткарылган каражаттар эсебинен жергиликтүү бюджетине 13000,0 миң сом жана атайын каражаттар эсебине 13000,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |