Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI-сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №53
““Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун жаңы калдык сактоочу жайын долбоорлоо жана куруу жөнүндө.”
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.Сеңирбаевдин Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан 8,31 га жер аянтына “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун жаңы калдык сактоочу жайын долбоорлоо жана куруу үчүн “Сактоодогу жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан 8,31 га жер аянтына “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун жаңы калдык сактоочу жайын долбоорлоо жана куруу үчүн “Сактоодогу жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилбегендиги белгиленсин.
2.2016-2026-жылга чейинки Терек-Сай айыл аймагынын “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун ортосундагы түзүлгөн келишим боюнча түзүлгөн иш чаралар толук аткарылбагындыгы, Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2018-жылдын 18-декабрындагы кезексиз 15-сессиясынын №2 токтомундагы жана Терек-Сай айыл аймагынын Терек-Сай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 02.11.чыгарылган №209 токтомундагы бардык талаптары аткарууга алынбагандыгы эске алынсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |