Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 256 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 19-сентябры ПЖ № 270

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 319 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 319 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кеңешме органынын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-сентябрындагы № 73 (3627) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

Тиркеме

 

«Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук

комиссиянын кеңешме органынын курамы

 

Кызмат орду боюнча:

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, кеңешме органдын төрагасы;

 

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары, кеңешме органдын төрагасынын орун басары;

 

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары;

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн эксперти;

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун директору;

 

Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору (макулдашуу боюнча);

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

жекече (макулдашуу боюнча):

 

Курбанов Райымжан

Рахманович

-

«Кыргыз Республикасынын «Кыргыз

тили» коому» коомдук бирикмесинин

президенти;

 

Касаболотов Жыргалбек

Асекович

 

-

журналист, коомдук ишмер;

Станалиева Гүлзада

Мыктыбековна

-

филология илимдеринин кандидаты,

доцент;

 

Кайыпов Сулайман

Турдуевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук

илимдер академиясынын академик

А.А.Алтмышбаев атындагы

Философия институтунун башкы

илимий кызматкери, тарых

илимдеринин доктору, филология

илимдеринин кандидаты, профессор;

 

Сааданбеков Чоробек

-

«Биздин мурас» коомдук фондунун

директору;

 

Маразыков Турусбек

Сейдакматович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук

илимдер академиясынын мүчө-

корреспонденти, филология

илимдеринин доктору;

 

Кенжебаев Даирбек

Орунбекович

-

филология илимдеринин доктору.».