Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI-сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №54
““Сумсар айыл өкмөтү болуп турган мезгилинде элдердин көйгөйүн чечүү үчүн айыл өкмөтүнүн карамагына сатып алынган Шекафтар айылында жайгашкан имараттын калган финансы каражатын төлөө жөнүндө.”
Сумсар айыл өкмөтү болуп турган мезгилде Сумсар айыл өкмөтүнө караштуу Шекафтар айылында жайгашкан имаратты элдердин көйгөйүн чечүү үчүн жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу (ЦОН) түзүмүн уюштуруу максатында Сумсар айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп алуу үчүн айылдын тургуну Орозбаев Турсуналыдан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алынган имараттын калган финансы каражатын төлөп берүү зарылдыгы боюнча Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сумсар айыл өкмөтү болуп турган мезгилде Сумсар айыл өкмөтүнө караштуу Шекафтар айылында жайгашкан имаратты элдердин көйгөйүн чечүү үчүн жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу (ЦОН) түзүмүн уюштуруу максатында Сумсар айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп алуу үчүн айылдын тургуну Орозбаев Турсуналыдан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алынган имараттын калган финансы каражатынын 1 000 000 (бир миллион ) сому 2024-жылдын 19-июлунда өткөрүлгөн Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясынын № 47 токтомуна ылайык, калган 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |