КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта–Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XIX–сессиясынын (жетинчи чакырылышы)
2023–жылдын 5-октябры № 19/12
Катта-Талдык айылдык аймагындагы калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффиценттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2001-жылдын 7-декабрындагы №104 “Айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдаланбагандыгы үчүн жер салыгын базалык ставкалары” жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Мамлекеттик салык кызматын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын берген маалыматтарын эске алып, Катта-Талдык айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы карап, өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизген сунуштарын талкуулап, Катта-Талдык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта –Талдык айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффицентинин диференцияланган базалык ставкалары 2023-жылга айыл өкмөттөгү бардык айылдарда 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 50-главасынын 388-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык зоналык коэффицентти К3 базалык ставкасы 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
3.Бул токтомду аткаруу жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн кызматкерлерине жана Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага : К. Абдраев