Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI-сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №55
““Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Мырзабаев көчөсүндөгү санитардык зонага кирип калган үйлөрдү көчүрүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Мырзабаев көчөсүндөгү санитардык зонага кирип калган 62 (алтымыш эки) кожолукту Ак-Терек айылынын Ынтымак көчөсүндөгү муниципалдык бош турган жерге көчүрүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Мырзабаев көчөсүндөгү санитардык зонага кирип калган 62 (алтымыш эки) кожолукту Ак-Терек айылынын Ынтымак көчөсүндөгү муниципалдык бош турган жерге көчүрүү боюнча Жер кодексинин 18-беренесинин 3-пунктуна ылайык даярдалган башкы планы бекитилсин.
2. Башкы планды даярдоо боюнча архитектуралык иш кагаздары Кыргыз Республикасынын №240 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага жана жер адиси И.Смановго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, архитектура, бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |