Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI-сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №57
“Кызыл-Токой айылындагы Таза суунун курулуш иштерин баштоо жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы Таза суунун курулуш иштери үчүн түзүлгөн 37000,0 миң сомдук сметалык баасынын 50% тин Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан суроо зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы Таза суунун курулуш иштерин баштоо максатында курулуш иштери үчүн түзүлгөн 37000,0 миң сомдук сметалык баасынын 18 500,0 миң сому (50%) Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |