Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI-сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №59
“М.Алымкулов атындагы бала бакчага сметага ылайык керектүү эмеректерди алуу жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылындагы М.Алымкулов атындагы бала бакчага сметага ылайык керектүү эмеректерди алуу үчүн Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылындагы М.Алымкулов атындагы бала бакчага сметага ылайык керектүү эмеректерди алуу максатында Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |