КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта–Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XX–сессиясынын (жетинчи чакырылышы)
2023–жылдын 21-декабры № 20/4
Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү жаңы курулуп ишке киргизилген мекемелердин электр энергияларынын лимиттерин бекитүү жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү 2022-2023-жылдарда жаңы курулуп бүткөн мекемелердин электр энергияларынын лимиттерин планга киргизилиши боюнча Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Катта-Талдык айыл өкмөтүндө 2022-2023-жылдарда жаңы курулуп бүткөн Баш-Булак жана Талдык айылдарында балдар бакчалары жаңыдан курулуп ишке киргизилген, ошондой эле Ачы айылындагы Шамырбек уулу Т атындагы орто мектебинин жаңы курулуп жаткандыгына байланыштуу ушул мекемелерге электр энергиясынан лимит бөлүп берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Малабековго жүктөлсүн.
Төрага К. Абдраев