Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI-сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №61
“Сумсар айылындагы балдар машыгуучу спорттук залды капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн сметага ылайык ремонт иштерин жүргүзүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар айылындагы балдар машыгуучу спорттук залды капиталдык ремонттон өткөрүү зарылдыгына байланыштуу сметага ылайык ремонт иштерин жүргүзүү максатында Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар айылындагы балдар машыгуучу спорттук залды капиталдык ремонттон өткөрүү зарылдыгына байланыштуу сметага ылайык ремонт иштерин жүргүзүү максатында Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |