ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI-сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №62
“Таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда ичүүчү сууну керектөөсүнө жараша пайдалануу үчүн айыл тургундарына ылайык таза суунун тарифин бекитип берүү жөнүндөгү “Терек-Сай” муниципалдык ишканасынын бухгалтери А.Атабаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда ичүүчү сууну керектөөсүнө жараша пайдалануу үчүн ичүүчү суунун тарифи ар бир адам башына 15 (он беш) сомдон бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы “Терек-Сай” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Балтагуловко милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө таза суу, тазалык, жолдор, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |