Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI-сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №63
“Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебинин Сумсар айыл өкмөтү болуп турган учурундагы Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча смета-проектисине кирбей калган бөлүгүнүн смета-проектиси Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Смановго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |