КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV cессиясы
2023-жылдын 28-декабрындагы № 96
Кара-Бак айылөкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын мүчөсү Р. Долматовдун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2023-жылдын 4-кварталда кирешелер боюнча пландан ашыкча аткарылган киреше салыгынан түшкөн 1000,0 миң түрдүү чыгымдар жана башка кызматтар боюнча 2215 статьясына планга кошуп көбөйтүп, ал эми 3111 статьясынан 600,0 мин сомду – 2215 статьясына 505,0 мин сом, 2222 статьясына 95,0 мин сомду жылдыруу, жана учурдагы ремонт боюча 2221 статьясынан 280,0 мин сомду – 2215 статьясына жылдыруу, А/кенештин соц фонд боюнча 2121 статьясынан 55,4 мин сом 2111 статьясына жылдыруу, 2221 сатьясынан 368,4 мин сом, 2721 статьясынан 25,1 мин сомду жалпы 393,5 мин сомду – 3112 статьясына жылдырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: | Ж.Шадиманова |