Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI-сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №64
“Сумсар-Шекафтар жолунун 3 км узундугуна асфальт төшөө жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар-Шекафтар жолунун 3 км узундугуна асфальт төшөө зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар-Шекафтар айылдарынын ортосундагы 3 км жолго асфальт төшөө каралган. Бул асфальттын смета-проектисинин индексикациясы жок жасалган. Асфальт бул күнгө чейин жасала электигин эске алуу менен индексикациясы кошулуп түзүлгөн смета-проектини Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Смановго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |