Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI-сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №65
“Аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамын бекитүү жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн участкалык шайлоо комиссиясынын курамына резервке киргизилүүчү жарандардын тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун сунушун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн участкалык шайлоо комиссиясынын курамына резервке киргизилүүчү жарандардын тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү сунуш эске алынсын.
2. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын тизмеси бекитилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, маданият, спорт, жаштар иштери жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |