Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII-сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №66
““Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун жаңы калдык сактоочу жайын долбоорлоо жана куруу жөнүндө”
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.Сеңирбаевдин 2024-жылдын 01-августундагы № 11-9/3198 сандуу катына ылайык, Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан 8,31 га жер аянтына “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун жаңы калдык сактоочу жайын долбоорлоо жана куруу үчүн “Сактоодогу жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чегинде жайгашкан 8,31 га жер аянтына азыркы учурда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун ачык алтын казуудан чыккан породаларды төгүүгө (отвал үчүн) жаңы калдык сактоочу жайын долбоорлоо жана куруу үчүн “Сактоодогу жерлер” категориясынан (мамлекеттик запастагы) “Өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |