Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII-сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №67
““Эвентус” жоопкерчилиги чектелген коомунан түшкөн акча каражатын бекитип берүү жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун “Эвентус” жоопкерчилиги чектелген коомунан түшкөн 4 000 000 сом акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндөгү жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Эвентус” жоопкерчилиги чектелген коомунан түшкөн 4 000 000 (төрт миллион) сом акча каражаты Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы намазкананын курулуш иштерин аягына чыгаруу максатында бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |