Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 27-сентябры № 591-т
Жер казынасы жөнүндө геологиялык жана башка маалыматтарды системалаштыруу, жалпылоо жана андан ары пайдалануу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөргө укук берилсин:
1) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кутессай-II кенинде бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерине 1-тиркемеге ылайык;
2) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Ак-Түз кенинин № 1, № 3 калдык сактоочу жайларында бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерине 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги белгиленген тартипте:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бекитилген программалар боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин каттоодон өткөрсүн;
- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кутессай-II кенинде бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Y |
1 | 13591410 | 4748388 |
2 | 13591745 | 4748358 |
3 | 13591755 | 4747930 |
4 | 13591500 | 4747810 |
5 | 13591328 | 4747908 |
Аянты 19,6 га | ||
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Ак-Түз кенинин № 1 калдык сактоочу жайында бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Y |
1 | 13591670 | 4749260 |
2 | 13591750 | 4749300 |
3 | 13591900 | 4749320 |
4 | 13591920 | 4749080 |
5 | 13591845 | 4749090 |
6 | 13591790 | 4749130 |
7 | 13591640 | 4749150 |
Аянты 4,6 га | ||
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Ак-Түз кенинин № 3 калдык сактоочу жайында бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Y |
1 | 13589900 | 4748980 |
2 | 13590170 | 4749110 |
3 | 13590450 | 4749120 |
4 | 13590490 | 4749030 |
5 | 13590380 | 4748930 |
6 | 13590480 | 4748660 |
7 | 13590070 | 4748610 |
Аянты 21,4 га | ||