Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын IV-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 26-июну № 38
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы ”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамын жетекчиликке алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1 “Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө”типтүү Жобосу бекитилсин (1-тиркеме тиркелет).
2. Бекитилген типтүү Жоболор бекитилген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Жобого ылайык иш алып баруу жана жүргүзүү Барскоон айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы
Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | М.Ибаков |
|
|
1-Тиркеме
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
2024-жылдын 26-июнундагы
№ токтому менен бекитилди
Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын
сатуунун тартиби жөнүндө типтүү
ЖОБО
1.Бул жобо муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуунун тартибин аныктайт.
2. Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан аткарылат.
3. Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатып алуучулар бардык эле юридикалык жактар жана жеке адамдар боло алышат.
4. Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарынын (номерлүү агрегаттары) мамлекеттик кайра каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан сатып алуу макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык транспорттук каражаттар белгиленген тартипте жергиликтүү кеңеш тарабынан төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын административдик жыйынынын протоколу;
-транспорт каражаттарынын техникалык абалы жөнүндө актынын ;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын башчысы жана башкы бухгалтери күбөлөндүргөн баштапкы наркы тууралуу маалымдамалар,.
6. Транспорт каражаттарын сатуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын чечими менен транспорт каражаттарынын наркын баалоо боюнча комиссия түзүлөт (мындан ары - Комиссия). Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдын өкүлү (комиссиянын төрагасы), негизги каражаттардын сактоосуна жоопкерчилиги жүктөлгөн жак, жергиликтүү кеңештин өкүлү, транспорт боюнча эксперт, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү кирет.
Эгерде комиссиянын отурумунда, ага, анын жубайы, анын ата-энеси, балдары жана анын биртууган эже-сиңди же ага-инилерине караштуу материалдык пайда көрүүчү маселе болсо, анда комиссия мүчөсү бул жыйында добуш берүүгө жана жыйынга катышууга укугу жок.
7. Транспорт ишканасынын инженер-техникалык кызматкери, транспортту техникалык тейлөө боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар жана сертификаты бар адис эксперт боло алат.
Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) тыкыр карап чыккандан кийин комиссия транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) баалоо протоколун түзөт, анда алардын рыноктук наркы көрсөтүлөт.
Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттардын) наркын баалоо үчүн эксперттердин тыянагын, справкаларды, статистикалык жана башка маалыматтарды колдонсо болот.
8. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттардын) баалоо протоколун түзгөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы транспорт каражатын сатуу жөнүндө аукционду жарыялайт. Баштапкы (старттык) баасы болуп, комиссия баалаган наркы коюлат.
9. Аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүү аны өткөргөн күнгө чейин 30 күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
10. Жарыяланган баштапкы (старттык) баа боюнча транспорт каражатын сатып алууга кызыккан катышуучулар болбосо, комиссия аукциондун жүрүшүндө старттык бааны 25тен ашпаган пайызга төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
11. Транспорт каражатын аукцион аркылуу сатууга мүмкүн болбогон учурда жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы транспорт каражатын түз сатууга укугу болот.
12. Соода сатыкка катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу аукцион башталганга чейин бир күн мурда бүтөт. Аукционго катышуу үчүн башталгыч баадан 5% шерт пул алдын ала төлөө менен калган сумманы сатып алуучу протоколго кол коюлгандан кийин жети күндөн кечиктирбестен аукциондун башталашынын алдында төгүлгөн шерт пулдун суммасын кошуу менен техниканын сатып алынган наркын толук төлөөгө тийиш. Сатып алуучу протоколго кол коюдан качканда же андан алынуучу бардык сумманы белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндө шерт пулдун суммасы ага кайтарылып берилбейт.
13. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы сатуучу төлөгөндүгү тууралуу документтерин бергенден кийин транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатып алуу-сатуу келишимин 3 нускада бекитет.
Бул учурда:
-1 нускасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда калат;
-1 нускасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жиберилет;
-1 нускасы сатып алуучуга берилет.
11. Транспорт каражаттардын (номердик агрегаттардын) сатуудан түшкөн каражаттар, мыйзам талап кылган тартипте жергиликтүү бюджетке түшөт.