Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын II-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 23-июлу № 39
Барскоон айыл аймагынын 2024-2027-жылдарга
социалдык-экономикалык өнүгүү программасын
бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине жана жергиликтүү кеңешинин ргеламентине ылайык, күн тартибиндеги Барскоон айыл аймагынын 2024-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын угуп, талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагынын 2024-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин туруктуу комиссияларына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков