Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын II-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 23-июлу № 43
"Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа” жүргүзүлгѳнгѳ чейин жергиликтүү бюджеттен каралган акча каражаттарын жылдыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа” жүргүзүлгѳнгѳ чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинен бѳлүнгѳн акча каражатын жылдыруу боюнча депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Мурдагы Тамга айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 2024-жылдын 19-январындагы кезектеги I-сессиясынын «Тамга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндөгү» №1 токтомунун 6-бөлүгүндөгү «Жайыт» багытына чыгымдала турган 300,0 миң сом акча каражатын жана «Тамга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги эркин калдык жөнүндөгү» №2 токтомунда «Жайыт» багытына чыгымдала турган 1 350,0 миң сом акча каражатын, ошондой эле Барскоон айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 2024-жылдын 26-июнундагы кезектеги IV-сессиясынын «Жайыт пайдалануучулардын бирикмесине акча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү» №37 токтомундагы, Жайыт пайдалануучулардын бирикмесине, жайыт иштеринин ишин алып барууга бөлүнгөн 400,0 миң сом акча каражатын кошуп, баардыгы 2 050,0 миң сом акча каражатын жайыт пайдалануучулардын бирикмесине төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
1) 240,0 миң сом -кызматкерлеринин эмгек акысына
2) 300,0 миң сом -чабандар күнүн өткөрүүгө
3) 150,0 миң сом -күйүүчү май алууга
4) 60,0 миң сом -авто унаага тетиктерди алууга
5) 1 300,0 миң сом –жүк ташуучу авто унаа сатып алууга
Мындан тышкары Тамга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндөгү» №1 токтомунун негизинде, Тосор айылына үрөн себүүчү сеялка алууга бөлүнгөн 300,0 миң сом акча каражатын, ААК «Айыл Банк» аркылуу алынган LOVOL GF 80 комбайндын оңдоо иштерине кошумча чыгымдалсын.
2. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жергиликтүү Кеңештин туруктуу комиссия курамына жана камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков