Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын V-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 27-августунун № 44
Барскоон айыл аймагынын Тосор айылынын тургуну Батабек уулу Саматтын бѳлүнүп берилген жер участогунун чектик ѳлчѳмүн бекитип берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 3-4-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык жана Тамга айыл окургунун 2010-жылдын 9-ноябрындагы №267 токтомунун негизинде, айыл ѳкмѳтүнүн жер, муниципалдык менчик, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адиси И.Исашовдун билдирүүсүн угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Барскоон айылынын Тосор айылынын тургуну Батабек уулу Саматтын жер мунапыс обьектиси саналган Тосор айылынын Тосор-2 кѳчѳсүндѳгү турак үй салуу үчүн бѳлүнүп берилген жер участогунун чектик ѳлчѳмү 0,11 га болуп бекитилип берилсин.
2. Бекитилген жер участогунун чектик ѳлчѳмүн Жети-Ѳгүз райондук мамлекеттик администрациясына жана Жети-Өгүз райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына сунуштап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобону бекитүү тууралуу №291 токтомуна ылайык тиешелүү иштерди алып баруу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жергиликтүү кеңештин жер, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М.Ибаков