Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын V-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 27-августу № 45
Тамга айылына өлгөн малдын өлүгүн көмүүчү жай (Яма Беккари) курууга, акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жѳнүндѳ” мыйзамынын 17,19,21 беренелерине жана Барскоон жергиликтүү кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана ветеринардык-санитардык коопсуздук иш-чараларынын алдын алуу максатында, Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн мал чарба адиси Н.Кѳкѳевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Тамга айылына конференциялык залды курууга бѳлүнгѳн 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн Тамга айылына өлгөн малдын өлүгүн көмүүчү жай (Яма Беккари) куруу иштерине жылдырылып берилсин.
2. Ушул токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков