Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛОИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын V-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 27-августу № 46
«Айыл чарба багытындагы жер салыгынын ордун толуктоо үчүн Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт аркылуу келген акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кошумча пайдалануу жѳнүндѳ»
Айыл чарба багытындагы жер салыгынын ордун толуктоо үчүн Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт аркылуу келген 217 700 (эки жүз он жети миң жети жүз) сомду максаттуу түрдѳ пайдалануу максатында, айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевдин бул маселе боюнча берген сунушун ар тараптан карап, талкуулап чыгып жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджеттен трансферт катары келип түшкѳн 217 700 (эки жүз он жети миң жети жүз) сом акча каражаты айылдардын кѳчѳлѳрүнүн чырактарын ремонт иштерин жүргүзүү үчүн чыгымдалсын.
2. Ушул токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков