Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын V-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 27-августунун № 47
Касендеев Ильяс Касендеевич жана Барскоон айылынын тургуну Токобаев Исламбек Жанузакович жѳнүндѳ
Барскоон айылындагы № 55 кесиптик лицейинин 2024-жылдын 27-августундагы чыгыш №40 кайрылуусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” жѳнүндѳгү 2023-жылдын 11-августундагы №179 Мыйзамынын 4-бѳлүмүнүн 14-беренесине ылайык, Барскоон айыл аймагында медицина жаатындагы кадрлардын жетишсиздигин эске алуу менен Барскоон жергиликтүү кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А.Баямановдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Мамлекеттик коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын кесиптик техникалык билим берүү системасын негиздѳѳчүлѳрдүн бири Касендеев Ильяс Касендеевичтин 85 жылдык мааракесине карата залкар инсандын эмгегин баалап, элесин келечек муундарга түбѳлүккѳ калтыруу максатында Барскоон айылындагы №55 кесиптик лицейине айкелин орнотууга 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджетинин эсебинен бѳлүнүп берилсин.
2. Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинин физика-математикалык жана табигый техникалык факультетинин “Дарылоо иши” адистигинин 1-курсунда контрактык негизде окуп жаткан, Барскоон айылынын тургуну И.Ж.Токобаевдин 2024-2025-ж. окуу жылдарына окутуу үчүн 68 000 (алтымыш сегиз миң) сом бѳлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын тѳрагаларына жана тиешелүү иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков