Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-сентябры № 2349-VII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Мекенчил" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марипов Бакытбек Асамидинович Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Мекенчил" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эргешов Бекмурза Аскарбаевич Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамынан чакыртылып, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бердиев Аккулу Тагаевич Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
4. "Альянс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Салымбеков Жумабек Мамытбаевич Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
5. "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айдаралиев Эрнис Шарабидинович Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
6. "Ишеним" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рустамбек уулу Советбек Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамынан чакыртылып, Социалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
7. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Айдаралиев Эрнис Шарабидинович - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;";
- 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Бердиев Аккулу Тагаевич - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;";
- 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"Рустамбек уулу Советбек - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;";
- 7-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Салымбеков Жумабек Мамытбаевич - "Альянс" парламенттик фракциясынан;";
- 7-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Эргешов Бекмурза Аскарбаевич - "Мекенчил" депутаттык тобунан;";
- 8-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Марипов Бакытбек Асамидинович - "Мекенчил" депутаттык тобунан;";
- 8-пунктчанын он экинчи жана он сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Дж.К. Исаева |