БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын V-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 27-августунун № 48
Туюк өрөөнүнөн суу түтүктөрүн тартып келүүгѳ акча
каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагындагы Барскоон айылындагы “Туюк” ѳрѳѳнүнѳн 1-этабында “Внешторгпромстрой” жоопкерчилиги чектелген коому аркылуу суу түтүктѳрүн тартып келген кызматына 574 700 (беш жүз жетимиш тѳрт миң жети жүз) сом бѳлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков