Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын VI-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 14-сентябрындагы № 49
Кызыл-Суу айылындагы “Иштерман” муниципалдык ишканасына атайын жүк ташуу унаасын (тралл) алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишкананын материалдык базасын чыңдоого каржы маселесин кароо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жети-Ѳгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 19-августундагы чыгыш №02-28/2956 катынын негизинде, Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин атайын жүк ташуучу унаасын (тралл) алуу үчүн Кызыл-Суу айылындагы “Иштерман” муниципалдык ишкананын материалдык базасы жок экендигин эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишкананын материалдык базасын чыңдоого каржы маселесин кароо тууралуу маалыматын угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Кызыл-Суу айылындагы “Иштерман” муниципалдык ишканасына атайын жүк ташуучу унаа (тралл) алууга 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты бѳлүнүп, 2024-жылдын аягында жергиликтүү бюджетинен үнѳмдѳлгѳн акча каражатынан каралсын.
2. Ушул токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун тиешелүү иштерди алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков