Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын VI-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 14-сентябрындагы № 50
“Кыргыз Ресупбликасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы №640 “Кыргыз Ресупбликасында туризмди ѳнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл облусунунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылындагы жер участогун жана сейил бак-пляждык зонаны берүү жѳнүндѳ” токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ” Кыргыз Ресупбликасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №409 токтому тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин жана жер, муниципалдык менчик, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адиси И.Исашовдун Кыргыз Ресупбликасында туризмди ѳнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомуна Барскоон айыл аймагынын Тосор айылынан эл аралык спорттук комплексин куруу үчүн бѳлүнүп берилген жер тилкесинин жайгашкан контуруна ѳзгѳртүүлѳр киргизилгендиги боюнча маалыматын угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Кыргыз Ресупбликасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы №640 “Кыргыз Республикасында туризмди ѳнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл облусунунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылындагы жер участогун жана сейил бак-пляждык зонаны берүү жѳнүндѳ” токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Ресупбликасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №409 токтому жактырылсын.
2. Ушул токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомго киргизилген ѳзгѳртүүлѳр боюнча тиешелүү иштерди алып баруу жагы Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков