Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын VI-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 14-сентябрь № 51
Барскоон айылындагы үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер тобунун имаратын ремонт иштерин жүргүзүүгѳ акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин Барскоон айылындагы үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер тобунун имаратын ремонт иштерин жүргүзүү боюнча маалыматын угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Барскоон айылындагы үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер тобунун имаратын ремонт иштерин жүргүзүүгѳ жергиликтүү бюджетинин эсебинен 750 000 (жети жүз элүү миң) сом үнѳмдѳлгѳн акча каражатынан бѳлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун тиешелүү иштерди алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков