Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын VI-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 14-сентябрындагы № 52
Барскоон айыл аймагындагы мектепке чейинки билим
берүү мекемелери жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тѳрагасынын биринчи орун басары А.А.Касымалиевдин тѳрагалыгында болгон экинчи кеңешменин №18-7546 протоколунун, Жети-Ѳгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 3-сентябрындагы чыгыш №01-49-4768 катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” жѳнүндѳгү 2023-жылдын 11-августундагы №179 Мыйзамынын 4-бѳлүмүнүн 14-беренесине, 8-бѳлүмүнүн 28-беренесине ылайык, Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу, коопсуз ѳнүгүү чѳйрѳнү уюштуруу үчүн бѳлмѳлѳрдү оптимизациялоо тууралуу маалыматын угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча чаралар” долбоорун этап-этабы менен ишке ашыруу үчүн 2024-2026-жылдарга тандалган Барскоон айылындагы Орунбаев Турганбай атындагы МЧББУна 4 тайпа, Байчечекей” МЧББУна 2 тайпа, Тосор айылындагы “Бугу-Эне” МЧББУна 2 тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Орунбаев Турганбай атындагы МЧББУна кошумча кошулуп жаткан 100 тарбиялануучу баланын тамак-ашына 3 айга 28 сомдон 182 000 (бир жүз сексен эки миң) сом, Тамга айылындагы “Байчечекей” МЧББУна 30 балага 30 сомдон 58 500 (элүү сегиз миң беш жүз) сом, Тосор айылындагы “Бугу-Эне” МЧББУна 50 балага 30 сомдон, 97500 (токсон жети миң беш жүз) сомдон жергиликтүү бюджетин эсебинен бѳлүнүп берилсин.
3. Ушул токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун тиешелүү иштерди алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков