Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-августу № 501
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын,
түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери
жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө" Жарлыгына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 2-пунктта:
он биринчи абзацта "Унаа" мамлекеттик мекемесинин" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"көчмө тариздөө - транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистеринин транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар жайгашкан жерине барып жүргүзгөн каттоо иш-аракеттери.";
- 10-пунктта:
он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- укук белгилөөчү документтерди жана мамлекеттик номердик каттоо белгилерин берүү менен транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга көчмө тариздөөнү жүргүзөт;";
он сегизинчи абзацта "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-пункттун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү аймактык бөлүмүнүн адистери тарабынан транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар жайгашкан жерине баруу менен акы төлөнүүчү негизде каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө жол берилет.";
- 12, 22, 24, 52, 54, 56, 57, 58, 59, 61, 65, 67, 68, 77, 79-пункттардагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 18, 26-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37. Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери жөнүндө каттоо маалыматтары ыйгарым укуктуу органдын электрондук маалыматтар базасына киргизилет.
Ыйгарым укуктуу орган ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык укук коргоо органдарынын, салык кызматынын органдарынын кызматкерлерине жана башка кызмат адамдарына электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү мүмкүнчүлүгүн берет.";
- 38-пункттун алтынчы абзацында "жана аларды берген уюмдун аталышын" деген сөздөр алып салынсын;
- 46-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46-1. Автоматташтырылган маалыматтык системада транспорт каражатынын ээсинин жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт чөйрөсүндө, анын ичинде фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар, сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде белгиленген укук бузуулар үчүн айып пул боюнча карызы жөнүндө маалымат болгон учурда, транспорт каражатын кайра каттоонун алдында ээси болгон айып пулдарды төлөөсү зарыл.";
- 47-49, 70-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 53-пунктта:
үчүнчү абзацта "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 54-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"54-1. Рулдук башкаруунун жайгашуусуна карабастан, M1 категориядагы транспорт каражаттарынын (рамасыз жеңил автомобиль) кузовун алмаштырууга тыюу салынат.";
- 81-пунктта "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана кызмат адамдарынын тизмегинде:
- 1-пунктта "ички иштер" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |