Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын VI-кезектеги сессиясынан
2024-жылдын 14-сентябрындагы № 53
«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун
(COVID-19га жооп кайтаруу)
алкагында кошумча каржылоо» (АИД-3 КК)
долбоорунун алкагында
Барскоон айыл аймагынын ишмердүүлугү жөнүндө.
2021-жылдын 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Барскоон айыл аймагынын АКИА АК төрайымы Н.Эралиеванын маалымат-отчетун угуп жана талкуулап чыгып жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Барскоон айыл аймагында АКИА АК төрайымы Н.Эралиевнанын маалымат-отчету кабыл алынсын (тиркеме 1)
2. Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаев АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүү жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге жана жергиликтүү кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирлсин.
Төрага М.Ибаков