Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын VI-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 14-сентябрындагы № 54
Тосор айылынын тургуну Э.Т.Мамыркановго
жазган арызы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 62-беренесине ылайык, Тосор айылынын тургуну Э.Т.Мамыркановдун айыл ѳкмѳтүнѳ жазган арызын угуп жана талкуулап чыгып жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Тосор айылынын тургуну, жеке ишкер Э.Т.Мамырканов мурунку Тамга айыл ѳкмѳтүнѳн аукциондук негизде сатып алган 5,0 га жеринен ѳз ыктыяры менен баш тарткандыгына байланыштуу жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилсин.
2. Э.Т.Мамыркановдун айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетине келишимдин негизинде которгон 1 394 000 (бир миллион үч жүз токсон тѳрт миң) сом акча каражаты айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен аталган жарандын бет эсебине кайтарылып берилсин.
3. Ушул токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков