Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын VI-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 14-сентябрындагы № 55
Тосор айылындагы эски бакчасынын ордун аксакалдар санжыра ордосун курууга жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине жана Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Тосор маданият үйүнүн жетекчиси С.М.Бексултановдун кайрылуусун угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Тосор айылында жайгашкан эски бала бакчага тиешелүү жер аянтынын ичинен 0,08 га жер тилкеси “Аксакалдар санжыра ордосун” курууга бѳлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун тиешелүү иштерди алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков