Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын VI-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 14-сентябрындагы № 56
Мектепке чейинки билим берүү мекемелери жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин мектепке чейинки билим берүү мекемелерине акча каражатын бѳлүп берүү тууралуу маалыматын угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Тосор айылындагы 3 сааттык мектепке чейинки билим берүү мекеменин тегерегин курчоого жана кум шагыл тѳгүүгѳ 531 000 (беш жүз отуз бир миң) сом жана мектепке чейинки билим берүү мекемелердин саркынды суулардын чогултулган жайын (септигин) тазалоого 100 000 (бир жүз миң) сом бѳлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун тиешелүү иштерди алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков