Загрузка документа…
ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 20-апрели № 18-3
Лебединовка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 12-декабрындагы № 279-буйругунун негизинде, Лебединовка айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын 18-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лебединовка айылдык аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Лебединовка айылдык кеӊешинин 2017- жылдын 19-апрелиндеги № 1 “Лебединовка айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндөгү” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбай у А. жүктөлсүн.
Лебединовка айылдык кеӊешинин төрагасы |
К.К.Умурбаев |