Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясынын
2024-жылынын 04-сентябры №68
“Жаны ачылып жаткан “Учур” мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын карап берүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жаңы ачылып жаткан “Учур” балдар бакчасынын кызматкерлерине эмгек акысын карап берүү жөнүндөгү “Бүчүр” балдар бакчасынын жетекчиси Г. Камчыбекованын жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзамынын 11-беренесинин 7-бөлүмүнүн экинчи абзацынын негизинде, Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жаңы ачылып жаткан “Учур” балдар бакчасынын кызматкерлеринин эмгек акысы үчүн Терек-Сай айыл аймагынын бюджетинен 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты каржыланып берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |