Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясынын
2024-жылынын 04-сентябры №70
““Келечек” балдар бакчасына жаңы тайпа ачууга керектүү буюмдарды сатып берүүгө каражат карап берүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылында жаңы ачылып тайпага керектүү буюмдарды сатып берүү жөнүндөгү “Келечек” балдар бакчасынын жетекчиси Ч.Баимбетованын жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылында жаңы ачылып тайпага керектүү буюмдарды сатып берүү үчүн 214 300 (эки жүз он төрт миң үч жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |