Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясынын
2024-жылынын 04-сентябры №71
““Терек-Сай аймактык ооруканасынын канализациясын ремонттоого акча каражатын карап берүү жөнүндө.”
Терек-Сай аймактык ооруканасынын канализациясы жакшы иштебей, оорулууларга ыңгайсыздык жаратып жаткандыктан, сантехникалык жумуштарын жасатууга акча каржатын карап берүү жөнүндөгү аталган мекеменин жетекчиси Р.Ташбаеванын жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай аймактык ооруканасынын канализациясы жакшы иштебей, оорулууларга ыңгайсыздык жаратып жаткандыктан, сантехникалык жумуштарын жасатууга 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |